МААРАКЕНИЗДЕР КУТ БОЛСУН.

Кыргыздарда  «Ырыскы  кайыптан ,нике  кайыптан»   деп  койот  эмеспи.  Чындыгында  качан, кайсыл  жерден  тамак  ичесин,качан, кайсыл  жерден  кайын  журт  кутосун  бир  кудайдан  башкасына  белгисиз .  Ошондой  Толугу менен →

Берешен Бердибай

Шатыратып күн жааса, Жерге жагат дечү эле. Жакшы чыккан азамат, Элин билет дечү эле,- деп Калыгулдун насаат санат ырларында айтылгандай  тоолуу Алай жергеси гана эмес ордолуу Толугу менен →

“МЕН МЕКЕНДИН КОРГООЧУСУ” СЫНАГЫ ӨТТҮ

Мына ушундай аталыштагы конкурс райондун аймагындагы жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулар арасында өттү. Бул сынакты өткөрүүнүн максаты мектеп окуучуларынын (жаш өспүрүмдөрдүн) баштапкы аскерге чейинки даярдыгын Толугу менен →

“ӨНҮГҮҮ- ПРОГРЕССТЕН” 15 МИҢ СОМ

«Өнүгүү прогресс» саясий партиясы келечек муундарыбыздын татыктуу жашоосу, сапаттуу билим алуусу, келечек максатына жетүүгө болгон аракетине болгон камкордугун көрүп келет. Ошондой эле социалдык жактан колдоого муктаж Толугу менен →

Райондун акими бала бакчада, мектепте жана ооруканада болду

Райондун акими Т.Сарыбашов райондун борборундагы бир топ социалдык обьектилерде болду. Тактап айтканда Нургазы Жусупов жетектеген тиш дарылоо эмканасында, А.Алимкулов жетектеген  үй-бүлөлүк медицина борборунда, Адышов атындагы орто мектепте Толугу менен →

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ САРЫ-МОГОЛДУКТАР ӨЗГӨЧӨ БЕЛГИЛЕШТИ

Кыш ызгаарында болгону менен көңүл сезиминде жылуулук орногон айылдыктардын майрамдык  маанайы өзгөчө эле.Анткени мурдагы жылдарга салыштырмалуу 2013-жылаан жылын узатуу Сары-Моголдуктар үчүн эстен кеткис жылдардан болуп Толугу менен →

ЭСКИ ЖЫЛДЫ УЗАТЫП, ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ТОСУШТУ

изображение

IMG_4203

Райондук мамлекеттик администрациянын алдына орнотулган балаты салт болуп калгандай районубуздун бардык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын, айылдык аймактардан келген өнөрпоздорду, районубуздагы мекеме ишкана жетекчилерин баш кылып андагы ыр күүгө шыктууларды, мектеп жамааттарын чогултту. Жаңы жылды тосуу аземин райондук мамлекеттик администрация башчысы Таалайбек Сарыбашов жалпы элди куттуктоо менен ачып берди.Жаңы жылга арналып жасалган сахна өнөрпоздор менен көркүнө чыгып, тез эле майрамдык шаң башталды.

Толугу менен

ЖЫЛДЫН НОМИНАЦИЯЛАРЫНА КИМДЕР ТАТЫКТУУ БОЛДУ?

изображение

IMG_4200

Райондо 2013-жылдын жыйынтыгы менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана мекеме уюмдарынын, жетекчилердин жана кызматкерлердин, айылдык кеңештеринин, жеке ишкерлердин, коомдук бирикмелердин арасында райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымдарын кошкон алдыңкыларга номинациялар ыйгарылды. Райондун акими Т.Сарыбашов бул номинацияларды тапшырар алдында салтанаттын катышуучуларын куттуктап сөз сүйлөп, жаңы жыл  жакшы ийгиликтер менен коштолуусун тилек кылды. Бул салтанатта “Жылдын номинациялары» болуп төмөнкүлөр табылды.

Жыйын алдында райондун акими Т.Сарыбашовго «Кыргыз Туусу» гезити Алай районун «Мыкты район» деп тапкандыгына байланыштуу Ардак диплом, вымпел чогулган элдин алдында зор салтанат менен тапшырылды.

                                                                     

Толугу менен

АЛАЙДА КООМДУК САЯСИЙ АБАЛ ТЫНЧ

изображение

 IMG_4259

10-январь күнү Алай районунда райондун бардык айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери, укук коргоо органдары жана коомдук уюмдардын (аялдар, жаштар, аксакалдар кеңештеринин) башчылары катышкан Координациялык кеңешменин жыйыны болуп өттү.

Жыйынды Алай раймамадминистрация башчысы-аким, Координациялык кеңешменин төрагасы Таалайбек Сарыбашов ачты. Жыйынга КРнын Өкмөтүнүн Ош обласындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Байыш Юсупов катышты. Жыйында райондогу коомдук-саясий абал боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Акбаров Оролбектин отчету угулду. Андан кийин райондогу 14 айыл өкмөтүнүн башчылары өздөрүнүн аймагындагы коомдук саясий абалды туруктуу кармоо максатында жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер тууралуу билдирүүлөрдү беришти.

Толугу менен