МААРАКЕНИЗДЕР КУТ БОЛСУН.

Кыргыздарда  «Ырыскы  кайыптан ,нике  кайыптан»   деп  койот  эмеспи.  Чындыгында  качан, кайсыл  жерден  тамак  ичесин,качан, кайсыл  жерден  кайын  журт  кутосун  бир  кудайдан  башкасына  белгисиз .  Ошондой  эле  конулу  жакын  досторду  табуу   да  кайыптан  десек  ашыктык  кылбас.

Биз  соз  кыла  турган  конулдору  жакын  уч  дос  да кандай  болуп  конулдору  жакын  болуп  калышкандыктарын оздору  да  билбей  калышты.Усон  Чуйдон  болсо,  Эрмат  Баткенден,  ал  эми  Шермат  Оштон.  экоо  шаардагы  эки   окуу  жайдын  белдуу  кызматкерлери.Учунчусу   болсо   врач   Учоонун  дос  болуп  калууларына,  жумуштан  бош  мезгилдеринде  эс  алуу  паркына  киришип,  шахмат  ойноолору  себеп  болду  окшойт.Мына  жыйырма  жылдан  бери  бири-  бирине  жакын  катташкан  достордон  болуп  калышты.

Алардын  баарысынан  улуусу  Шермат. Жогорку  окуу  жайдын  биринде  декан.Орто  бойлуу,  кара-  тору,жашы  эр  ортону  элууго  чыккан  адам.  Ал  эми  Эрмат  дагы  бир  жогорку  окуу  жайында  ага  окутуучу. Узун  бойлуу,эрди  калбыйган  кыймыл  аракети  жай  салмактуу киши.Ал  эми  Усон  болсо   шаардагы  бир  ооруканада  дабагер.Жапалдаш   бойлуу  сымаптай  сыймаланган ,бир  оордунда  токтобогон,кашка  баш  жигит.

Куттургон  жаз  да  келди  дегендей  айлана  тегерек жашыл  тукабага  жамынып,оруктор  жалпы  гулдоп,  жер  козголуп  калган  жаздын  экинчи  айынын  башталышында  уч   дос  адаттагыдай  паркта  жолугушуп  калышты.

-Эх! –  деди  Шермат – кундор  билинбей  эле  зымырап  отуп  кетет  экен,-мына  заматта эле  эр  ортону  элууго  чыгып  калыптырмын,ал  эми  Арзыкан  жененер  менен   бирге  турмуш  куруп, бир очоктон  тутун  булатканыбызга  жыйрма  беш  жыл  толуптур.

-Мына-  деди  деди  Усон-  бул  датаны  белгилеп   койбосок  болбойт,  качанга  чейин  шахматты  телмирип  тиктеп  олтурабыз,  кандай  дейсин  Эрмат.

-Мейли-,баардык  эле  сунушка  каршы  боло  бербеген  Эрмат  корулдап  жооп  берди.

-Анда  Шермат  аке,Сиз  мына  бул  чайканада  кок  чайды  чайпап  олтуруп  турун,  биз   болсо  базардан соода  кылып,  даярданып  келе  калалы-деди  Усон  шыпылдап.

Мына,  кымкуут  болгон  базар,  алуучудан  да  эмнегедир  сатуучулар  коптой  сезилет.Жашылча  жемиштер,  тамак  аш  продуктылары,майда  жайма  товарлар,соодасын  откоруу  учун  кыйкырып  чакыруулар. Алар  алгач  эт  алуу  учун  касапка  бурулушту.

–Иним  тиги   эттен  соогу  жок кылып  бир  кило  тартып  берчи-  деди  Эрмат  корулдап.                 -Соогу  жок  эт  соолжанда  болот  аке,  бир  аз  соогу  менен  жакшылап  тартып  берейин      -деп, касапчы  шыпылдап,  эттен  таразага  тарта  баштады. Андан  кийин   алар  аштын  даамын  чыгарат  деп  зире  алуу  учун  ары  басышты.  Зире  алып  бутушкондон  кийин  сатуучу  Эрматка   кайрылып

-Тууган,  мына  бул   насвайды  да  албайсызбы-  деп  сунуш  кылды,

-Эмне? Ал  насвайынды  эмне  кылайын  -деди  Эрмат  тан  кала  карап  калды.

-Тууган  ушул  насвайды  Сизге  бекер  беремин.

-Мен  ал насвайынды эмне  кылайын  чекпеймин  да

-Эх,ушул  илебинизди  бекер  кар   кылып  насвай  чекпейм  дегенинизди  каран  а-деп  сатуучу башын  чайкап озу  да  кулуп, айланасындагыларды  да  кулдуруп,Эрматтын  калбыйган  ээрдин  тамашалап  алды.

-Насвайды  мага  берин,  бул  тууганыныз  насвайды  бекер  алыштан  тартынып  жатат-деди  Усон  шыпылдап.

-Жоок,  Сизге  бекер  насвай  берилбейт, себеби  стандартыныз  тура  келбейт-  дейт  шумпай  сатуучу  айланасындагыларды  дагы  кулдуруп,  соомойдой  пакетке  шыкалып  толтурулган  насвайды  соода  столунун  ары  жагына  ыргытып  жатып.

-Ошентип  алар ,  чайканага  келишти… бир  топтон  сон  Усон Шерматтын  уйуно   звонок  кылып  жатты.

-Жене  кандайсыз, ден-соолугунуз  жакшыбы?,  менин  звонок  кылып  жатканым , Шеке  бир  аз  ичип  алган  экен    уйго  алып  баралы  дедик  эле.

-Ий  кокуй  сен  Усонсунбу? Акенерге  эмне  жин  тийдиби, арак  ичпей  калганына  он  жылдан  ашып  кетти  эле  го? Эптеп  алып  келгилечи

-Жене алып  баралы  десек  айтканга  такыр  конбой, ызы-чуу  чыгарып  дагы  арак  таап  келгиле  деп  болбой  жатат  сиз  да  келип,  айтып  тушундуруп эптеп  эпке  келтирбесек  болбойт,  элуу  жылдык  юбилейин  белгилейли  деп,  биз  базардан  соода   кылып  келгенге  чейин  аксакалыбыз  элуудон  сеп  этип  олтуруп  даяр  болуп  калыптыр.

Заматта  Арзыкан  жене  такси  кармап  жетип  келди.Шермат  чайкананын  соорусундо  уктап  жатат,  жанында   калпагы  тоголонуп  калыптыр.

-Усон  менен  Эрмат  Арзыкан  женесин  обочороок  четке  тартышып,  жарыша  арызданып  киришти.

-Жене  базардан  соода  кылып  келсек  Шеке  бир  топ  кызып  калыптыр,бутундагы  туфлисин  чечип  алып  мага  карай  кезеп

-Эрмат  мына  бул  эмне- дейт

-Туфли-дедим

-Мен  сенден  кыргызча  сурап  жатам  келесоо-дейт

-Ой,анда   патинке-дедим

-Акмак, патинке  деп  койгонун  кара   керек  болсо  бул  саясаттын  куралы ,   Хрущев  откон  кылымдын  алтымышынчы  жылдарында  Нью-Йорктогу  ООНдун  ассамблеясында  СССРди  сындаган  чет  олколук  бир  дипломаттын  созуно  жооп  кылып, патинкесин  чечип  алып,-Империалисттердин  малайы- деп ачуу  айкырык  салып  патинкеси  менен  алдындагы  столду  такылдатып  ургулай  баштаган.Кечээ  жакында  эле  Иракка  согуш  ачкандыгы  учун  бир  араб  журналисти кенже  Бушту  моминтип  урган-деп мени  туфлиси  менен  уруп  жиберди.

Чындыгында  Шекем  кыргыздын  кыл  мерген  жигити  да,  мени  дал  озумо  урду.  Мен  да  жон  жигит  эмесмин  жене,Буштай буйтап  жибербей  туфлини  шарт  эле  тутуп  алдым  да    аны  бул  жакка  бекитип  койдум.

-Жене  менин  да  арызымды  уксаныз-деди  ал  арада  Усон

-Эрмат  менен  болгон  окуядан  кийин  Шекени  ийге  келтирип  конулун  жай  кылып , дасторконго  чай  ичкени  олтурганбыз,  капыстан  ошол  мезгилде  чайканадан  «Кара  Жоргонун» шандуу  доошу  чыга  калса  болобу  Шеке  эки  ийинин  шалкылдатып  анан  кийин  дасторкондун  четинде  турган  эки  кашыкты  ала  койуп  алгач  чыныларды  музыка  ыргагына  келтире  ургулап  олтурган,анан  эле  кызып  кетип  менин  башыма  да  кашыктарды  чакылдатып  ургулап  кирсе  болобу,  мен  ызаланып,  ой  Шаке  бул  эмне кылганыныз  десем.

-Ой  эмне эле  окуросун,  сен  эле  эмес  сенден  башка  деле  адамдын  башын  Ыссык-Колго  келгенде   Ельцин  шандуу  музыканын  журушундо  ушундай  эле  кашык  менен  башка  чапкылап  ойноп    жиберген,  ал  киши  моймолжуп  кулуп  эле  тим  болгон, эмне  сенин  жанын  ото  эле  ширинби  деп  кайра  мени  урушту.  Жене  менин  башым  когорбоптурбу- деп  тастайган  башын  женесинин  алдына  тосту.

-Кокуй  уят   эле болуптур,  башын  го  когорбоптур,  бирок   эртеге  силердир  бетинерди  кантип  карайт  экен  эми.

-Жене  биз  го  озубуз    такыр  таарынбайбыз,  бирок  ушул  жолдон  откон  эл  журттун  баары  корду  аларга  биз  абдан  уят  болдук.Жене  эми  урушта  туруш  жок  дейт  минтип  чогулуп  турсак  болбойт.  Сиз  белден  которушун,    Эрмат  бутунан  которсун,  мен  башынан  которойун  анан  учоолоп  машинеге  салып  тезирээк  бул  жерден  алып  кетпесек  болбойт.

Алар  сооруго  чыгып,  Арзыкан  жене  Шекени  белден  кучактап,Эрмат  бутунан, Усон  башынан  которуп  жылдыра  баштаганда  Шеке  ойгонуп  кетти.  Белинен  кучактап  турган  Арзыканды  коруп  серпиле  тушуп

-Ой  сага  эмне  болду,турчу  ары-  деп  колу  буттарын  бошотуп,Арзыканды  турткулоп турууга  далбас  уруп  жатты.

Арзыкан  жене  болсо  Шекени  алдоого  аракеттенип

-Шеке  жур  эми  уйдо  деле  эс  аласын-  деп  тарткылап  Шекеге  биротоло  жабышып  алды.  Ушул  мезгиле  баятан  бери  аран  чыдап  турушкан  Усон  менен Эрмат  жарыша  каткырып  кулуп  жиберишип,ары  жакка  далдоого  бекитип  койгон  бир  букет  гулду  алып  Усон

-Шеке, Сиздин  элуу  жылдык  юбилейниз  менен ошондой  эле  Арзыкан  жене  менен  бирге  жыйырма  беш  жылдан  бери  урушпай  талашпай  бирге  жашап  келе  жаткан  кош  мааракениздер  менен  куттуктайбыз-  деп  букет  гулду  Арзыкан  женеге  сунду.Анан  баятан  берки  окуяларга  тушунбой  дендароо  болушкан  Шеке  менен  Арзыкан  женеге  карап

-Шеке,Арзыкан  жене,  бугун  дагы  бир  майрам,  бугун    1-апрель   алдамай  кун  экен, Сиздердин  да  бир  очоктон  тутун  булатканыныздарга  да  25  жыл  болуптур, ушул  кун  Сиздердин  эсиниздерден  такыр  чыкпай  журсун    деп  бир  аз  тамашалап  койдук,  Шеке  такыр  ичпейт,  Сиз  да  мынан  кийин  Шеке  ичиптир  дегендерге  такыр  ишенбей  журунуз,базардан  келгенден  кийин  Шекенин  соорудо  ургулоп  жаткандыгын  коруп.Сизди  да  чакырып  бирге  чай  ичели  деп  бир  аз  тамашалап  койдук.Аша  кетсек  кечиресиздер.

Арзыкан  жене  болсо

-Ой  шумпайлар, ой  шумпайлар , ушундай  да  тамаша  кыласынарбы,кишини  абдан  ынгайсыз  абалга  калтырдынар-  деп  кулуп   жатты

Ал  эми  Шеке  болсо  далайга  чейин  эмне  окуя  болуп  кеткендигин    тушунбой   соксойуп олтуруп ,    андан  кийин    окуянын  чоо  жайын  тушунгондон   бору  эзилгенче  каткырып  кулуп,Усон  менен  Эрматты  соомойу   менен  кезеп,

-Силердин    пайданарга  1:0  болду   деп  башын  чайкап  калды

Алар  бир  топко  чейин  шарактап  кулушуп  андан  кийин  тамактанууга  олтурушту.

One Reply to “МААРАКЕНИЗДЕР КУТ БОЛСУН.”

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*