Редакциянын тарыхы
Гезит 1933-жылдан тартып жарык көрүп келет.
«Кызыл малчы» газетасы айына үч жолудан (декадный) чыгарылганга пландаштырылганы менен көп саны чыкпай үзгүлтүккө учураган. Ал эми 1934-36-жылдары газета жарык көргөн эмес.
«Sotsialisttik carba» 1939-1962-жылдары жумасына 2 жолу чыгарылган. Айрым учурларда анын да кээ бир сандары чыкпай калып үзгүлтүккө учураган. 1953-1959-1960-1961-жылдары гана гезиттин 104 саны толук жарык көргөн.
«Күжүрмөн эмгек» газетасы 1966-1992-жылга чейин жарык көргөн. Жумасына үч жолудан чыгып, айрым бир жылдары 2-3төн чыкпай калган сандарын эске албаганда толук чыгып турган. Тиражы 5000ге чейин жеткен.
1962-1965-жылдары райондор аралык (Алай, Араван, Ноокат) «Жеңиш Туусу» газетасы чыккан.
1958-жылы Гүлчө, Алай, Чоң-Алай райондору бириккенге чейин «Кызыл Алай» гезити (1944-1958-жылдары), «Кызыл Туу» (1947-1958-жылдары), «Социалисттик чарба» газеталары менен удаалаш чыгып турган.
1992-93-жылдары «Күжүрмөн Эмгек» газетасы «Жибек Жолу» деген паспорт менен чыгып, бирок финансы каражаттарынын жетишсиздигинен улам кайра жабылып калган.
1992-1997-жылдары райондук билим берүү кызматкерлеринин «Дил булак» газетасы айына 3 жолудан чыгып турган.
1997-жылдан тартып гезит «Алай таңы» деген аталыш менен жарык көрүп келет.
Редакциянын курамы:
Айкөкүл ЖЫРГАЛБЕК кызы, кабарчы
Мухтарбек ИБРАГИМОВ, дизайнер
Шааркан ЖУСУПОВА, бухгалтер
Венера САТЫБАЛДИЕВА, кассир-тех.кызматкер (куръер)
Жибек, чыгармачыл иштеринди биргелешип алдыга жылдырбайлыбы?!