“ӨНҮГҮҮ- ПРОГРЕССТЕН” 15 МИҢ СОМ

«Өнүгүү прогресс» саясий партиясы келечек муундарыбыздын татыктуу жашоосу, сапаттуу билим алуусу, келечек максатына жетүүгө болгон аракетине болгон камкордугун көрүп келет. Ошондой эле социалдык жактан колдоого муктаж үй-бүлөлөр да бул партиянын көз жаздымынан калбайт.

 Жакында аталган партиянын райондогу координатору Бакыт Жаркынбаев Кадырмамат уулу Абдразак атындагы лицей мектептен күрөш боюнча республикалык мелдешке аттанып жатышкан кыздарга 15 миң  сомдук колдоо көрсөттү. Аны тапшыруу аземинде  партиянын райондогу координатору Б.Жаркынбаев сөз сүйлөп, мелдешке аттанып жаткандарга  ийгилик каалады. Мындай колдоого ыраазы болушкан лицей мектептин директору Кубаныч Бокоев жана күрөшкө аттанган кыздарды жетектеп жөнөп жаткан  республиканын 8 жолку чемпиону, машыктыруучу Т.Мырзаевдер каражат тартыш учурунда мындай колдоо биз үчүн чоң  жардам, сиздерге чоң  рахмат деди.

Эске сала кетсек Ражап Жанаевдин жаркын элесине арналган республикалык эл аралык турнирге Т.Мырзаев жетектеген  салмагы 35 кгдан жогору болгон 11 кыз күрөш боюнча  өтүүчү мелдешке жөнөшөт.

  Ж.Таева

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*