“МЕН МЕКЕНДИН КОРГООЧУСУ” СЫНАГЫ ӨТТҮ

Мына ушундай аталыштагы конкурс райондун аймагындагы жалпы билим берүү мекемелериндеги окуучулар арасында өттү. Бул сынакты өткөрүүнүн максаты мектеп окуучуларынын (жаш өспүрүмдөрдүн) баштапкы аскерге чейинки даярдыгын өркүндөтүү, патриоттук сезимин ойготуу менен достукту жана жоопкерчиликти сезүүгө үндөө. Ошондой эле мектеп окуучуларын сергек жашоого үндөө, спорттун аскердик түрүн камтыган сабактарга өзгөчө көң үл буруу, окуучуларды республиканын куралдуу күчтөр кызматын өтөөгө  даярдоо жана түрдүү кыйынчылыктарды жең үүдөгү психологиялык даярдык, экстремалдык жагдайлардан чыгуу аракеттерин жасоо болду.

Сынак өзгөчө мүнөздө өттү. Сынактын катышуучулары алгач “Таамай атуу” боюнча мелдешке чыгышты. Мында алар  алдын ала даярдалган топторду белгиленген аралыкка таамай тийгизүү менен упай топтошту. Ал эми   “Тоскоолдугу бар чуркоодо” ар бир команданын мүчөлөрү тоскоолдугу бар аралыктардын өз убагында тездик менен жана туура өтүү тапшырмасын аткарышты.  “Музыка” тапшырмасы окуучуларды өзгөчө сыноодон өткөрдү. Алар согуш жана ата мекенди коргоо жөнүндөгү ырлардан айтышты. Кайсыл команда көп ыр айтса ошол команда көп упайга ээ болуп жатты. “Көркөм өнөр” мелдеши да окуучуларды  ойлонтпой койбоду. Аскердик патриоттук бурчту кооздоо, кыргыз жарандарынын согуш мезгилинде көрсөткөн эрдиктерин, согуш ардагерлеринин сүрөттөрү, ошондой эле афганистанда кызмат өтөгөн жана Баткен согушуна катышкан кыргыз жарандарынын эрдигин чагылдырышты. “Аскердик түрлөрдүн аскердик наамы” келечек муундарды бир топ ойго салды. Ар бир командага берилген барактарга аскердик чин наамды катардагыдан баштап армиянын генералына чейинки жана аскердик бөлүктөрдү эстеп жазып чыгуу тапшырмасы берилди. “Кыргызстандын символу” мелдештин күйөрмандары менен биргеликте  берилген тапшырма болду. Ар бир команда өз күйөрмандары менен бул тапшырманы да ийгиликтүү аткарууга  жетише алышты.

 Бул сынакты өткөрүүдө райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги А.Пазылов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Жээнбеков, райондук аскер комиссариатынын кызматкери, ага лейтенант М.Алиев, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Таиров жана райондук спорт мектебинин директору Э.Мадышевдер ар бир командага  туура жана калыстык менен баа беришти.

 Жыйынтыгында аталган сынакта 1-орунду №1 Адышев атындагы орто мектептин командасы жең ип алса, 2-орунга №2 Отунчиев атындагы орто мектептин окуучулары ээ болушту. Биринчи орунга ээ болгон Адышев атындагы орто мектептин командасы  Ош шаарында өтө турган областтык дең гээлдеги мелдешке катышууга укук алышты. -Мелдеш окуучулар үчүн бир топ кызыктуу жана темасынын түрдүүлүгү менен айырмаланды,- дейт сынакты өткөрүүнүн демилгечилеринен болушкан райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги А.Пазылов. Патриоттук темадагы ар кандай багыттагы суроолорго туура жана так жооп берген окуучуларга да белгиленген сыйлыктар тапшырылды.

                                   М.Ибрагимов

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*