Райондун акими бала бакчада, мектепте жана ооруканада болду

Райондун акими Т.Сарыбашов райондун борборундагы бир топ социалдык обьектилерде болду. Тактап айтканда Нургазы Жусупов жетектеген тиш дарылоо эмканасында, А.Алимкулов жетектеген  үй-бүлөлүк медицина борборунда, Адышов атындагы орто мектепте жана №3 балдар бакчасында болду.

Акимдин бул жолку кыдыруусунда райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Жээнбеков билим берүү тармагындагы жандуу иш аракеттер менен тааныштырды. Кыдыруунун максаты бейтаптарга, окуучуларга жана балдар бакчасында түзүлгөн  шарттар, окуу, тарбиялык иштердин абалы менен таанышуу болду. Иш сапардын жүрүшүндө аким райондук тиш дарылоо эмканасындагы заманбап медициналык аппараттардын ишке кириши менен адамдын көркү болгон тиш дарылоону, салууну жана протездөө иштеринин сапаты жакшырып, мында келгендерге бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүнө ыраазычылык билдирди.

                                                                                               Жибек Жороева

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*