Майыптын маанайы жакшы

майыпка жардам

Алай районунун акими Таалайбек Сарыбашов өзүнүн кайрымдуулугун, боорукерлигин көрсөтүп, эки буту баспаган 2-группадагы майып Акбашов Баймаматка 5 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардамын көрсөттү. Аталган райондун Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Чоң-Бүлөлү  айылында жашаган Б.Акбашов 8 жылдан бери буту баспаганы аз келгенсип, турак жай жагынан да кыйналып келген. Жакында ага айылдаштары чогулуп ашар жолу менен 2 бөлмөлүү үй  куруп беришти.

 Райондун акими Т.Сарыбашов турмуш шарты өтө оор абалда калган бул инсандын таржымалын элдик жыйында угуп, ага колдон келген жардамды көрсөтүүгө  убада кылган. Убада ишке ашып жаңы жылдын алгачкы күндөрү Баймамат Акбашовдун маанайы көтөрүлүп, акимдин берген жардамына айткан жылуу сөзүнө, Абышок Оозу участкасынын ортолук фондунан берилген бир топозго сүйүнүп, кыйынчылык кезде кайрымдуулук колун сунган инсандарга ыраазы болуп турган чагы.

                     Жибек Жороева

 

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*