Алайда агрозооветаптека ачылды

 IMG_4265

IMG_4272

Ош областынын Алай районунда агрозооветаптека ачылды. Бул иш чара Алай районундагы айыл чарба департаменти жана райондук ветеринардык ассоцациясы менен биргеликте “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын колдоосу менен ишке ашты. Алай району мал чарбачыл район болгондуктан ветеринардык адистер жетишпегени аз келгенсип, малдарына берилүүчү сапаттуу дары-дармектерден да кыйналып келишкен. Эми бул аптекадан алайлыктар малдарына гана дары-дармек алышпастан үй канаттуулары үчүн да түрдүү дарыларды, витаминдерди алууга шарт түзүлдү.

Аптканын дагы бир артыкчылыгы жаз алды менен агроөсүмдүктөрдү илдеттерден, зыянкечтерден сактоочу дарылар жана элди сапаттуу үрөөн менен камсыз кылууга да ыңгайлышты.
Ортомчусу жок, Россиядан, Индиядан фирмалар аркылуу түз келген дары-дармектер менен элди камсыздоо милдетин алышкан райондогу айыл чарба департаментинин башчысы Көчкөн Алиев бул ишке алайлыктар ыраазычылыктарын билдирип жатышканын айтып өттү.

Жибек Жороева

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*