“ДАН АЗЫКТАН” ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕР КЕЛЕ БАШТАДЫ

  Жаз жарышы жакындаган сайын дыйкан- фермерлер өз талааларына шашышат. Ага карата жылдагыдай эле КРнын Өкмөтүнүн алдындагы материалдык резервдер фондунан жер иштеткен дыйкан фермерлерде жер семирткичтерди түз жеткирүү, туруктуу баада сатуу иш чаралары уюштурулууда.

 -Биздин райондун дыйкандарына Кара-Суу районундагы “Дан-Азык” ишканасынан 1080 тонна жер семирткич бөлүнгөн-дейт райакимдин биринчи орун басары М.Мусаев.- Учурда анын 10,5 тоннасы чөл зонасына жакын жайгашкан Жаң ы-Алай айыл өкмөтүнө келип түштү.

 Акимдин 1-орун басары белгилегендей анда аммиактуу целитра 15 сом 70 тыйындан, ал эми карбамид 18 сом 70 тыйындан сатылууда.      

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*