Берешен Бердибай

Шатыратып күн жааса,

Жерге жагат дечү эле.

Жакшы чыккан азамат,

Элин билет дечү эле,- деп Калыгулдун насаат санат ырларында айтылгандай  тоолуу Алай жергеси гана эмес ордолуу Оштун элине да ар тараптуу жардам көрсөтүп келген Бердибай Примовдун ысмын кимдер гана билбейт. Кыштын кычыраган суугунда сапаттуу көмүрү менен  адамдарга жылуулук тартуулап келген Бердибай Примовдун эмгегин өзгөчө Алайдын эли түгөнбөс баян кылып айтып келет.

Айылда жумуш жок, бирок алыска барып тиргилик кыла албаган турмуштун кыйынчылыгына туш болгон айрым үй-бүлөлөргө Бердибай Примов кайрымдуулук, боорукерлик колун канча жылдан бери сунуп келет. Көз алдыма акыркы 20 жыл ичинде Кыргызстан эгемендүүлүк алган мезгил ичинде көп кыйынчылыктардын болгону тартылат.  Башкасын айтпаганда эле 1990-2000-жылдар аралыгындагы жер көчкү, сел жүрүүлөр болуп жашоодо элибиз бир топ кыйынчылык тартты.

 Мындай чоң  кырсык 1997-жылы июнь айында Будалык айылында болду. Көчкү, селден Кайнама айылындагы көрүстөндү толугу менен суу алып кетти. Албууттанган суу өлгөн адамдардын сөөгүн Гүлчө дарыясына агызып чыкты. Табигаттын мындай кырсыгынан Октябрь айылынан баштап Оро-Дөбөгө чейинки аралыкта бир дагы көпүрө калган жок. Жолдон автоунаа эмес ат да өтө албай калды. Айылдын жашоочулары араң  жөө-жалаң дап райондун борборуна келип, эптеп өздөрүнө күндөлүк керектелүүчү азык-түлүктөрдү алып кетип жатышты. Жаратылыш кырсыгы ушундай жаман экен. Ал гана эмес электр жарыгы  да жок, эмне кыларыбызды билбей карайлап, жашоодон түң үлүп калдык. Мына ушундай кырдаалда ошол мезгилдеги Жогорку Кең ештин депутаты Пиримов Бердибай келип калды. Ал эл менен жолугушуп, сүйлөшүп, бардыгын бир сыйра изилдеп чыкты. Бир жумадан кийин ошол мезгилдеги Өзгөчө кырдаалдар министри С.Урманаев менен вертолетто учуп келди. Башыбызга мүшкүл иш түшүп эмне кыларыбызды билбей турганда Бердибайдын келиши биздин сезимибизди кайрадан жашоонун жакшы жагына оодарды. Жашоого болгон үмүт шамы жанды. Эмне кыларын билбей турган эл Бердибайды кандай сөз менен алкашарын билбей турушту. Анткени ал Жогорку Кең ештен акча каражатын бөлдүрүп, карайлап калган эл үчүн камкордук көрүп келиптир. Ошол эле жылы жолду баштан аяк оң дотуп, сууларды дамба менен тостуруп, үч көпүрө салдырып, кышка чейин жолду толук калыбына келтирди. Ал мезгилде райондун жол оң доочу техникалары жетишпей, анын үстүнө эскилиги жеткен эле. Мына эми  жыл сайын жолду өзү көзмөлгө алып оң дотуп берүүдө.

 Элдин көйгөйүнө тийген Көк-Кыя жолуна анын канчалаган акча каражаты  сарпталбады. Акыры элдин тилеги орундалып Көк-Кыянын көйгөйү чечилди. Жолго шагылдарды төшөтүп берип, автоунаалардын ары-бери катташына ың гайлуу шарттарды түзүп берди.

 Мамлекет башчыбыз 2013-жылды Иштерман жылы деп жарыялагандыгына байланыштуу айылга мечит салдырып берди. Эми намаз окуу үчүн алыс жуукка баса албаган карыларыбыз ал салган мечиттен намаз окуу менен гана чектелбестен айылдын жаштарына насаат сөздөрүн айтышып, өз ара ашыкча ыгым-чыгымдарды кыскартуу менен элдин турмуш шартын жакшыртууга багытталган жакшы сөздөрү менен да убакыт өткөрүшүүдө.Тээ илгертен бери шагыл көрбөгөн жолдорго шагылдар төгүлүп, өз ишканасынын кубаттуу техникалары менен өзгөчө Кум-Шоро айылына чыгып кетчү жолду оң доду.Канчалаган адамдарга тиш протездерин коюп, ден соолугун чың дады.

 Турмушу начар көптөгөн үй-бүлөлөргө көмүрдөн гана жардам бербестен, акчалай да жардамын берип алкышын алууда. Балдары жогорку окуу жайында окуган айрым үй-бүлөлөрдүн контрагын төгө абай калгандарга да белгиленген өлчөмдөгү акча каражатын берип, балдарынын билимдүү болуп чыгышына көмөк көрсөтүүдө. Бубаев атындагы орто мектебинин тосмосуна өздүк салым катары 200 миң  сом акча каражатын  өз жанынан берди. Өткөн жылы эле Осмонова Жыпардын баласынын контрагына жардам берсе, Дурсунбаев Бердибайды Бишкекке санаторийге эс алууга, Аманбаев Суранбайды ажылык сапарга барып келүү үчүн каражаттарын төлөдү. Мындай мисалдарды айта берсек кагаз бети түгөнбөйт.Бул бир гана биздин Будалык айыл өкмөтүнө көрсөтүп жаткан жардамы. Ал эми мындай жардамдардан райондун ар бир айыл өкругуна, анын ар бир айылындагы жардамга муктаж  канчалаган адамдарга берүүдө.

  Эсимде, 1952-жылы ушул Октябрь айылы өзүнчө колхоз эле. Мен анда биринчи  класста окуйм. Бердибайдын атасы Чилов Пирим аке колхоздун башкармасы болуп иштеп, мектептин жанындагы үйдө жашачу эле. Ишинен келген ата уулу Бердибайды атына өң өрүп эркелеткенин күнүгө көрүп, жумуштан кийин да убакыт таап баласына көң үл бөлгөнүнө наристелик сезим менен суктанчубуз. Мен Гүлчөдөгү Токтогул атындагы орто мектептен 10-классты бүтүрүп, ал кезде Пирим аке райЗАГСтын башчысы эле, анын колунан туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып, анын негизинде паспортко ээ болуп, Ошко окууга кеткенимди алигиче  унутпайм.

 Мезгил учкан куштай өтөт экен. Ошол мен көргөн бир кездеги эч нерсе менен иши жок бир жашар бала минтип элин чоң  кыйынчылыктан  куткарган, жакшы иштери менен элине жарыгы тийген инсан болуп чыкканына кубанып турам. Перити-Коаль көмүр казуу ишканасын кыйынчылыкка карабай баштан аяк түптөп, оң ой акча табуунун эмес, келечекте элге пайдасы тие турган ишкананы канча жылдап топурак чыкса да, “кара алтын” чыккыча кайраттана иштеп, бутуна тургузганына эл ыраазы.

 Атанын баласы деген ушул. Ата жолун жолдоп, ата наамын чыгарган Бердибай Примов бүгүн Алайдын эли  кыйынчылык тартса ар тараптуу жардам көрсөтүп, элим жерим деп жанын үрөгөн эр азамат болуп чыга келди. Ар дайым бар бол Бердибай, кудай сенин жолуң ду оң унан берип, элиң е жарыгың  тие берсин.

                               Абдымомун Базарбаев,

                              Будалык айылы

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*