ЭСКИ ЖЫЛДЫ УЗАТЫП, ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ТОСУШТУ

IMG_4203

Райондук мамлекеттик администрациянын алдына орнотулган балаты салт болуп калгандай районубуздун бардык айыл өкмөттөрүнүн башчыларын, айылдык аймактардан келген өнөрпоздорду, районубуздагы мекеме ишкана жетекчилерин баш кылып андагы ыр күүгө шыктууларды, мектеп жамааттарын чогултту. Жаңы жылды тосуу аземин райондук мамлекеттик администрация башчысы Таалайбек Сарыбашов жалпы элди куттуктоо менен ачып берди.Жаңы жылга арналып жасалган сахна өнөрпоздор менен көркүнө чыгып, тез эле майрамдык шаң башталды.

Жаңы жылдык балаты майрамын өткөрүү боюнча атайын комиссиянын курамы түзүлүп, алар үч күн боюу алардын таланттарын калыстык, тактык менен баалоого аракеттеништи.

  Жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан 1-2-3-орундардан сырткары кызыктыруучу сыйлыктар да болду. Мындан сырткары  Жаңы жылды  шаңдуу тоскон жамаат, мукамдуу үн, эң жакшы артисттик таланты бар аткаруучулар, замандын көйгөйлөрүн чагылдырган эң мыкты сатира-юмор, Жаңы жылдык эң мыкты костюмдарды кийген жамаат, жана эски жылды эң мыкты өнөрлөрү менен узаткан жамаат аттуу номинациялар да көпчүлүктү кызыктырбай койгон жок.Жыйынтыгында айыл өкмөттөрү арасында Бүлөлү айыл өкмөтү 126 упай топтоо менен «Жаңы жылды шаңдуу тоскон жамаат» аталып Гран-При сыйлыгына татыктуу болду. 1-орунду Жошолу, 2-орунду Гүлчө, 3-орунду Будалык жана Корул айыл өкмөттөрүнүн жамаатары ээлешти.

 Ал эми мекеме-ишканалар арасында 1-орун районубуздагы С.Осмонов жетектеген экотехинспекциянын, Ж.Калдыбаев жетектеген райондогу өрткө каршы кызматынын жана Н.Сейитов жетектеген  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин райондогу бөлүмүнүн азаматтары, 2-орунду Т.Белекбаев жетектеген Алай аймактык ооруканасынын, 3-орунду А.Алимкулов жетектеген райондогу үй-бүлөлүк медицина борборунун жамааттары ээлешти. Билим берүү тармагынынжамааттары да балаты майрамына мыкты даярдыктар менен келишкен. Мында районубуздагы чоң мектептердин бири болгон М.Адышев атындагы орто мектептин жамааты 1-орунга татыктуу болушса, 2-орунду К.Бокобаев жетектеген Кадырмамат уулу Абдразак атындагы лицей интернаты, 3-орунду Б.Аданбаева атындагы орто  мектептин жамааттары татыктуу болушту. Албетте жаңы жылды тосуу аземине келишкен көптөгөн  жамааттар  куру кол кайтышкан жок. Ошентип эл көңүлүн ачкан түрдүү кесиптин ээлери өздөрүнүн кесиптик иштеринде гана мыкты болушпастан ыр күүдө, турмуштун көйгөйүн чагылдырган көрүнүштөрдү аткарууда да мыкты таланттарга ээ экендигин көрсөтүштү.  Сыйлыктарды райондук мамлекеттик администрация башчысы аларга иште жана коомдук ар кандай иштерде да алдыда болуушуу менен жаңы жыл жакшы ийгиликтерди алып келсин деген тилекти айтып,  аларга белгиленген сыйлыктарды тапшырды.

                                            Ж.Жороева

             

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*