АЛАЙДА ЛАПОРАСКОП ЫКМАСЫ МЕНЕН ӨТ АЛЫНДЫ

                                                                     DSC02630

Жаңы жылдын  алгачкы күнү Алайда жакшы жаңылык менен башталды. Талантбек  Белекбаев жетектеген Алай аймактык ооруканасында Карл Шторц лапароскоп аппараты менен өткө уникалдуу операция жасалды. Кыргызстандын Түштүк регионунда жалгыз ушул ооруканада орнотулган бул аппарат дүйнөдөгү эң алдыңкы орундарды ээлеген заманбап аппараттардын бири. Бул аппараттын жардамы менен Алайда алгачкы жолу өтүндө ташы бар оорулуулар операция болушту. Мындай уникалдуу операция Кыргыз Орус Славян Университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору, медицина илимдеринин докдору Бебезов Бахадыр Хакимович жетектеген ушул эле университеттин хирургия кафедрасынын доценттери, медицина илимдеринин кандидаттары Мамашов Нурлан Журабаевич, Yмөталиев Тилек Маратович жана Бишкектеги Ахунбаевдин улуттук госпиталынын врач-хирургу Буларкиев Азим Бекболотовичтер тарабынан ишке ашырылды.Буга чейин Түштүк Корея мамлекетинен окуп, практикадан өтүп келишкен  бул дарыгерлердин тобу Алай районунда  4 күндүк иш сапарда болушуу менен өтүндө ташы бар ооруларга жана альвеококкоз дартын өтүштүрүп жиберген оорулууларга операция жасашты.

Алардын мындай жардамына алайлыктар ыраазы болуп рахмат айтышууда. Анткени борбор калаага өттөгү ташты же иштен чыгып калган өттү алдырыш үчүн анализ тапшырып кезек күтүп дарылануу алар үчүн бир топ ыңгайсыз абалды түзгөн. Анын үстүнө каражат жагынан каржалып турган оорулуулар үчүн мындай көрүнүш жагымдуу окуялардан болуп калды.

– Чындыгында борбор калаага барып дарылануу учурда бир топ кыйын,-дейт Алай аймактык ооруканасынын башкы врачы Талантбек Белекбаев. -Андыктан элдин саламаттыгы үчүн жан үрөп күрөшүшкөн бул дарыгерлер өздөрү элге чыгышууда.

 -Бул жолу биз мындагы врачтардын квалификациясын жогорулатуу, жогорудагы жаңы орнотулган аппарат менен иштөөнү үйрөтүү менен аларга практикалык жактан жардам көрсөтүүнү максат кылганбыз. Экинчи максат элет жеринде жумуш жок, демек каржы жагынан кыйналган айылдыктардын ден соолугуна жеринде кам көрүү болду-дейт А.Буларкиев.

 Кыргызстанда 1996-жылы академик Мамакеев тарабынан  мындай уникалдуу операция алгачкы жолу жасалган. Бирок андан бери 18 жыл өтсө да аппараттын жетишсиздигине, ыңгайлуу шарттардын жоктугуна байланыштуу бул дартка каршы операция жасалбай келген. Борбор калаадан келген врачтардын айтымында бул аппарат менен операция болгондор бейтапканада жатуусу үч эсеге кыскарып, мөөнөтүнөн мурда айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бейтап 2-3 суткада эле ооруканадан чыгып, эмгекке жарамдуулугу тез калыбына келет. Калктын ден соолугу үчүн кам көрүп, Бишкектен дарыгерлерди чакырткан Алай аймактык оорукананын башкы врачы Талантбек Белекбаевге Алайдын эли ыраазычылык билдирүүдө.Жаңы жылды жакшы жаңылык менен баштаган Т.Белекбаевге жана анын жамаатын майрамдары менен куттуктап, онтоп келген оорулуулар азайсын деген тилекти айткыбыз келди.

                                                                                                                Жибек ТАЕВА

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*