АЛАЙДА КООМДУК САЯСИЙ АБАЛ ТЫНЧ

 IMG_4259

10-январь күнү Алай районунда райондун бардык айыл өкмөт башчылары, мекеме-ишкана жетекчилери, укук коргоо органдары жана коомдук уюмдардын (аялдар, жаштар, аксакалдар кеңештеринин) башчылары катышкан Координациялык кеңешменин жыйыны болуп өттү.

Жыйынды Алай раймамадминистрация башчысы-аким, Координациялык кеңешменин төрагасы Таалайбек Сарыбашов ачты. Жыйынга КРнын Өкмөтүнүн Ош обласындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Байыш Юсупов катышты. Жыйында райондогу коомдук-саясий абал боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын майору Акбаров Оролбектин отчету угулду. Андан кийин райондогу 14 айыл өкмөтүнүн башчылары өздөрүнүн аймагындагы коомдук саясий абалды туруктуу кармоо максатында жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер тууралуу билдирүүлөрдү беришти.

 КРнын Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары Б.Юсупов өз сөзүндө  мамлекетте болуп жаткан иштерди элге толук жеткире албай жатабыз. Болбосо облус боюнча ар кандай инвесторлордун, донорлордун жана мамлекеттин жардамы менен эбегейсиз иштер болду,-дейт. Тактап айтканда  облас боюнча 226 бала бакча болсо ага 45 бала бакча кошулганын, бир жыл ичинде эле 47 мектептин курулушу бүткөрүлүп пайдаланууга берилгени бул чоң иш деди.

 Инвесторлордун форумун өткөрүп жатабыз. Бюджетибиз 2 эсеге өстү. Тактап айтканда 46 млрддан 100 млрдга жетти. Ички дүң продукциянын көлөмү да эбегейсиз өстү. Мындай салыштырма маалыматка  облус жетекчисинин орун басары ар бир тармак боюнча токтолду. Бирок ушуга окшогон жакшы иштер менен элибиз жакындан кабардар болуусу керек. Ал эми мындай жакшы иштердин аткарылышы үчүн өлкөбүздө стабилдүүлүк, туруктуулук, тынчтык керек деди.

 Деген менен күч структураларынын маалыматы менен силердин маалыматыңарды салыштырсак айрым учурда эки башка чыгып калууда. Ошондуктан сөзүбүз ишибиз менен айкалышып турушу шарт дейт Б.Юсупов. Анын айтымында шаарда өтүп жаткан митингдерге чыккандардын негизги бөлүгү, тактап айтканда 80-90 пайызы ар кайсыл райондордон келгендер. Шаардыктар 10-15 гана пайызды түзөт. Мына ушуга байланыштуу жыйындын аягында райондун активи коомчулук менен иш алып барууну күчөтүүнү, ыктыярдуу элдик кошундардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иштиктүү иш аракеттердин болуусун шарттаган чараларды иш аракетке келтирүүнү, жалпысынан райондун аймагында коомдук саясий абалдын туруктуулугун сактоону камсыз кылуу боюнча чечим кабыл алынды.

 Координациялык кеңешменин ишин райондун акими Т.Сарыбашов жыйынтыктады.

              Жибек ЖОРОЕВА

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *

*