ЖЫЛКЫЛАРДЫ ЖЕП, КОЙЛОРДУ КЫРГАН КАРЫШКЫРЛАР КОЛГО ТҮШТҮ

Маалым болгондой өткөн жылы Алай районунун эли карышкыр чөөлөргө малдарын жедирип, 10 млн сомдон ашык зыянга учурашкан эле. Бул иш райондогу мергенчилик коомунун өз ишине жасаган кайдыгер мамилесинен улам болгондугун райондун акими Т.Сарыбашов райондо мергенчилер менен болгон жолугушуусунда жана элдик жыйындарда ачык айтып чыккан. Натыйжада ал элдин малын бул жырткычтардан сактап калуу үчүн ар бир айыл өкмөттө мергенчилердин бригадасын түзүп, тиешелүү иш чараларды иштеп чыгуу   максатында атайын буйрук чыгарган.

 Райондун акиминин биринчи орун басары М.Мусаев билдиргендей райондогу коомдук аң чылар тарабынан жырткычтарды атууну күчөтүү жана жергиликтүү аң чыларды дагы ок-дары менен камсыз кылып аң чылык ишине тартуу тапшырмасы берилген. Ошондой эле аскердик бөлүктүн командири менен түзүлгөн макулдашуунун негизинде Гүлчө айылынан 3 аскер кызматкери тартылып, айылдарды жырткычтардан коргоо үчүн күзөттө болушат.  Акыркы 20 күн ичинде райондо 10 карышкыр жана чөөлөр атылып жок кылынды,-дейт М.Мусаев.

Ушул аптанын башталышында эле Корул айыл өкмөтүнөн  мергенчилерге жардам көрсөтүү үчүн барган райондук ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн опер кызматкери  Абдазов Ринат Мамасадыкович  бир карышкырды жана Үч-Дөбө айыл өкмөтүнөн мергенчи Жумаев Жең иш 2 карышкырды атып районго алып келишти. Мындан мурда да бир карышкыр атып келгенмин, -дейт Үч-дөбөлүк мергенчи Ж.Жумаев.

 -Албетте булар оң ой менен эле колго түшө койбойт  экен. Бир жылгадан бир жылгага өтүшүп, көздөн тез эле кайым болушат. Кыштын кычыраган суугунда, тоодон-тоого карды малтап, жөө-жалаң дап артынан кубалаган учурлар да жок эмес,-дешет мергенчилер Р.Абдазов менен Ж.Жумаевдер. Карышкырларды көргөн эл аларга ыраазы боло рахмат айтышууда. Карышкыр чөөлөрдү атуу иштери улантылууда.

                       Жибек ЖОРОЕВА

One Reply to “ЖЫЛКЫЛАРДЫ ЖЕП, КОЙЛОРДУ КЫРГАН КАРЫШКЫРЛАР КОЛГО ТҮШТҮ”

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*