УЛУТТУК ТИЛ МЕНЕН УЛУТТУК АҢ -СЕЗИМИБИЗДИ КӨТӨРҮҮБҮЗ КЕРЕК

Адам баласы жаралгандан башкача айтканда коом пайда болгондон баштап тил да пайда болгон. Адамды айбандан, жан-жаныбарлардан өзгөчөлөнтүп айырмалай турган бирден бир касиет тил болуп эсептелет.  Азыркы мезгилде дүйнөдө 10 миң деген тилдер бар. Ал тилдердин бардыгынын аткарган кызматтары бирдей эле. Тил адамдарды бири-бирине  байланыштырып, ой  пикирин билдирүүчү курал болуп саналат. Тил тагдыры эл тагдырынан эч бир ажырагыс кереметтүү нерсе. Эл кандай тагдырга туш келсе тили да ошондой тагдырга туш келет.

 Мисалы, 1926-жылдагы СССРдин тушунда биринчи эл каттоодо 194 тил катталган. Ал эми 1989-жылы  акыркы СССРдин мезгилиндеги эл каттоодо 101 тил катталган. 91 тилдеги элдер өз тилин таштап, башка тилге кирип кеткендер, кыскасы 93 тил өлгөн тил болуп эсептелинет. Ошондуктан ушуга окшоп жоголуп бараткан тилдерди сактап калуу максатында БУУ жана ЮНЕС-КО 2000-жылы чечим кабыл алышып, 21-февралды эл аралык эне тил күнү деп белгилешкен. Жоголуп бара жаткан тилдердин тизмесин жарыялашып, тилекке каршы ал тилдердин тизмесинде кыргыз тили да бар экендиги бизди тынчсыздандырат. Тил деген улук нерсе, ал адамдын, коомдун улуттун эң  башкы белгиси. “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” демекчи кыргыз деген улуу эл менен кошо кыргыз тили да кылымдар кыйырын карытып, бүгүнкү күнгө жетип олтурат. Тилибиз болгон үчүн мамлекетибиз бар.

 1989-жылдан баштап мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынды. 2004- жана 2013-жылы ошол мыйзам анча-мынча өзгөртүүлөр менен кабыл алынды. Биз 25 жылдан бери мамлекеттик тилдин мыйзамы эмне үчүн ишке ашпай жатат деп келе жатабыз. Себеби бул мыйзам толук кандуу болбой калган. Улуттук тилибизге карата бут тоскондордон улам тилибиз көмүскөдө калып жатат. Мыйзамдар адегенде орусча жазылып, анан кыргыз тилине которулат. Жогор жактан көрсөтмөлөр, буйруктар расмий тилде келет. Орусча жазылган тексте орус духу калат. “Мамлекеттик тил тууралуу” Мыйзам турса да борбордо ар кандай жыйындар, чогулуштар официалдуу тилде өтөт. Өлкөбүздө бүгүнкү күндө 70 пайыздан көбүрөөгү кыргыз тилинде сүйлөй алганына карабастан шаарларда, райондун борборлорунда балдарды кыргыз тилдүү мектептерден орус тилдүү мектептерге окутуу тенденциясы күч алганы өкүнүчтүү. Кыргыз жаштары шаарларда, коомдук жайларда өз эне тилинде сүйлөшпөстөн билсе-билбесе да орус тилинде  сүйлөшүшөт. Демек элибиздин массалык түрдө орус тилине өтүп баратышы кыргыз эли үчүн, кыргыз улуту үчүн мындан өткөн коркунучту нерсе жок. Ошондуктан улуттук тилибиз жөнүндө мыйзамды күчтөндүрүп, тилибизге татыктуу мамиле жасоого мамлекеттик кызматкерлерди милдеттендирүү зарыл. Улуттук тил менен улуттук  аң -сезимибизди көтөрүүбүз керек. Ар бир атуул, ар бир кыргыз өз эне тилибизди жоготуп албай сактап, барктап, сүйүп, гүлдөтүп, өнүктүрүп, муундан муунга өткөрүп берүү милдетибиз экендигин түшүнүшүбүз керек.

                                Сыдык МАМЫРОВ

 №35 С.Карыев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, “Кыргыз тили” төш белгисинин

                      ээси, эл агартуунун мыктысы

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*