СЫДЫК ЖЫЛДЫН “МЫКТЫ МУГАЛИМИ”

Жакында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош облустук комитети тарабынан облустук билим берүү мекемелеринде «2013-жыл- Иштерман жылына» карата уюштурулган “Мыкты кесип ээлери” кароо сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Жыйынтыкта “Жылдын мыкты мугалими” кароо сынагынын жең үүчүсү аталган районубуздагы №35 С.Карыев атындагы орто мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы, кыргыз тили жана адабияты мугалимиСыдык Мамыров 1-орунга татыктуу болду. Ага 1-даражадагы диплом жана акчалай сыйлык ыйгарылып, билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун мыктысы төш белгисин тагынды.

С.Мамыров бул сыйлык менен эле чектелип калган жок. Ал “Сильва” билим борбору “Кут билим” гезетасы аркылуу доорубуздун залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун 85 жылдыгына карата “Мыкты сабак”конкурсунда да жең үүчү аталды. Тактап айтканда анын сабагына атайын калыстар тобу катышып, 121 мугалим катышкан сынакта экинчи орунга татыктуу болду. Ал залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына  арналып тартылган фото альбом жана жазуучунун каанасы жасалгасы белегин алды.

 Гезиттин штаттан тышкаркы кабарчысы катары өзүнүн маанилүү макалаларын жөнөтүп турган Сыдыкты бул сыйлыктары менен биз дагы куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалайбыз.     “Кыргыз тили кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” демекчи кыргыз деген улуу эл менен кошо кыргыз тили да кылымдар кыйырын карытып, бүгүнкү күнгө жетип олтурат. Тилибиз болгон үчүн мамлекетибиз бар. 1989-жылдан баштап мамлекеттик тил мыйзамы кабыл алынды. 2004- жана 2013-жылы ошол мыйзам анча-мынча өзгөртүүлөр менен кабыл алынды. Биз 25 жылдан бери мамлекеттик тилдин мыйзамы эмне үчүн ишке ашпай жатат деп келе жатабыз. Себеби бул мыйзам толук кандуу болбой калган. Улуттук тилибизге карата бут тоскондордон улам тилибиз көмүскөдө калып жатат. Мыйзамдар адегенде орусча жазылып, анан кыргыз тилине которулат. Жогор жактан көрсөтмөлөр, буйруктар расмий тилде келет. Орусча жазылган тексте орус духу калат. “Мамлекеттик тил тууралуу” Мыйзам турса да борбордо ар кандай жыйындар, чогулуштар официалдуу тилде өтөт. Өлкөбүздө бүгүнкү күндө 70 пайыздан көбүрөөгү кыргыз тилинде сүйлөй алганына карабастан шаарларда, райондун борборлорунда балдарды кыргыз тилдүү мектептерден орус тилдүү мектептерге окутуу тенденциясы күч алганы өкүнүчтүү. Кыргыз жаштары шаарларда, коомдук жайларда өз эне тилинде сүйлөшпөстөн билсе-билбесе да орус тилинде  сүйлөшүшөт. Демек элибиздин массалык түрдө орус тилине өтүп баратышы кыргыз эли үчүн, кыргыз улуту үчүн мындан өткөн коркунучту нерсе жок.

 Ошондуктан улуттук тилибиз жөнүндө мыйзамды күчтөндүрүп, тилибизге татыктуу мамиле жасоого мамлекеттик кызматкерлерди милдеттендирүү зарыл. Улуттук тил менен улуттук  аң -сезимибизди көтөрүүбүз керек. Ар бир атуул, ар бир кыргыз өз эне тилибизди жоготуп албай сактап, барктап, сүйүп, гүлдөтүп, өнүктүрүп, муундан муунга өткөрүп берүү милдетибиз экендигин түшүнүшүбүз керек.

                                Сыдык МАМЫРОВ

 №35 С.Карыев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими, “Кыргыз тили” төш белгисинин

                      ээси, эл агартуунун мыктысы

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*