ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ САРЫ-МОГОЛДУКТАР ӨЗГӨЧӨ БЕЛГИЛЕШТИ

Кыш ызгаарында болгону менен көңүл сезиминде жылуулук орногон айылдыктардын майрамдык  маанайы өзгөчө эле.Анткени мурдагы жылдарга салыштырмалуу 2013-жылаан жылын узатуу Сары-Моголдуктар үчүн эстен кеткис жылдардан болуп калды. Анткени бир кездерде унутта калып жүргөн эмгектин ардагерлери, ардагер мугалимдер жана жалпы эле айыл аксакалдары жаңы жылды тосууга чакырылышып, аларга майрамдын сый тамак  уюштурулду.

 Майрамдык салтанатта Сары-Могол айыл өкмөтүнүн башчысы А.Курмушуев элди куттуктап сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө чогулган элге районубузда, облусубузда жана республикабызда болуп жаткан орчундуу иштер менен кабардар  кылды. Анын  ичинде районубуз  жыл жыйынтыгы менен жакшы ийгиликтерге жетишкенин айтып өттү. Мына ошол ийгиликтерде сарымоголдуктардын да кошкон салымы бар экенин белгилеген ал өз иштеринде мыкты ийгиликтерди жараткандарга айыл өкмөттүн Ардак грамотасын тапшырды. Ошондой эле жыл жыйынтыгын кылып түрдүү кесиптин түрдүү номинацияларын  аныктады. Тактап айтканда “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты дарыгери”, “Жылдын мыкты ишкери” жана башка номинацияларга татыктуу болушкан сыйлык ээлери аны уюштургандарга ырахмат айтып ыраазычылык билдиришти. Жергиликтүү тургундар ойлонулбаган, бирок эмгекти баалаган мындай иш чарага ыраазы болушуп, айыл өкмөт башчыга, айылдык кеңештин депутаттарына рахмат айтышты. Мындай сый урмат бизди дагы эки  эселеп иштөөгө дем берет десе, ардагерлер акыл насаат сөзүбүз менен жаштарга дем күч берип айылды ар тараптан көтөрүүгө аракет кылабыз дешти.

 Андан соң айылдык маданият үйүнүн өнөрпоздорунун жана музыкалык мектептин майрамдык концерти айылдыктардын көңүл кушун көтөрдү. Майрамда ыр-күү гана болбостон    улуттук ар кандай оюн-шоокторго да байгелер коюлду. Тактап айтканда ордо боюнча 1-орун Шаимкулов жамааты ээлеп 3000, 2-орунду ээлеген Ак-Суу жамаатына 2000, 3-орунду ээлеген Кара-Көл жамаатына 1000 сом акчалай сыйлыктар берилди. Ушундай эле сыйлыктар кыргыз күрөшүнө, кол күрөшүнө жана башка оюндарга да берилди. Албетте  мында жалпы айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери, айылдык кеңештин депутаттарынын өнөрпоздорунун концерттик программасы да көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Лотерея оюнун уюштурууга айылдын жаштар комитетин жетектеген Т.Жалалов, А.Көбөев, жеке ишкер У.Жээнбаевдер демөөрчүлүк көрсөтүшүп майрамды ан сайын көркүнө чыгарышты.

                               М.Ибрагимов

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

*